Иран Түштүк Кореянын мунай танкерин кое берди

Ирандын Деңиз күчтөрүнүн командачылыгы 4-январда Түштүк Кореянын желеги илинген мунай танкерин кармап алышкан.

1617909
Иран Түштүк Кореянын мунай танкерин кое берди

Иран жетекчилиги, 4-январда экологияны булгады деген жүйө менен токтотулган Түштүк Корея жетектүү мунай зат ташуучу танкердин эркин кое берилгендигин билдирди.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Саид Хатибзаде, Сеул администрациясынын жана кеме ээсинин өтүнүчү менен Ирандын сот бийлигинин, Түштүк Корея желектүү мунай ташыган танкерди бошотуу чечимин кабыл алгандыгын билдирди.

Ирандын Революциялык сакчылар армиясынын Деңиз күчтөрүнүн командачылыгы 4-январда Перс булуңунда Түштүк Кореянын желеги илинген мунай танкерин кармашканын билдирген эле.

Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Че Конг Конг баштаган делегация 11-январда Тегеранда Ирандын расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Иран, кеменин экипажын 2-февралда бошоткон.



Тектеш кабарлар