Америкалык саясат таануучу Түркиянын куралдуу учкучсуз учактарын мактады

Фукуяма "American Purpose" журналында жарыяланган макаласында, Түрк куралдуу учкучсуз учактарынын өз аймагында жараткан күчтүү таасирлерин мактады.

1616333
Америкалык саясат таануучу Түркиянын куралдуу учкучсуз учактарын мактады

Америкалык саясий теоретик Фрэнсис Фукуяма, Түркиянын Куралдуу учкучсуз учактарынын өткөн жылы Түркиянын аймактык күч катары көтөрүлүшүнө маанилүү салым кошконун айтты.

Фукуяма "American Purpose" журналында жарыяланган макаласында, Түрк куралдуу учкучсуз учактарынын өз аймагында жараткан күчтүү таасирлерин мактады.

«Глобалдык көз карашты аскердик куралдуу учкучсуз учактар өзгөрттү жана Түркия бул жерде башкы ролду ойноду» деп сереп салган Фукуяма, Түркиянын өзү өндүргөн куралдуу учкучсуз учактарын Ливия, Сирия, Тоолуу Карабах жана өлкөнүн ичинде террордук уюм ПККга каршы колдонгондугун белгиледи.

Түрк куралдуу учкучсуз учактарынын жөндөмүнүн таасирдүү экендигине көңүл бурган америкалык саясат таануучу: «Акыркы түрк дрондору абдан таасирдүү. Мисалы TB2 абада 24 саат учуп, чалгындоо жана чабуул миссияларын аткара алат» деп баа берди.

Сирияда, Ливияда жана Тоолуу Карабахта колдонулган түрк учкучсуз учактарынын аткарган миссияларынын кызыгуу жараткандыгын айткан Фукуяма, бул учактардын өзгөчө Армениянын аскердик элементтерине келтирген зыяны көңүл буруучу экенин жазды.

Фукуяма Түркиянын акыркы жылдарда өндүргөн куралдуу учкучсуз учактарынын бүгүнкү согуш тактикасын өзгөрткөнүн белгилеп: «Куралдуу учкучсуз учактар 2020-жылы Түркияны аймактык күч катары көтөрүлүшүнө чоң салым кошту»,- деди.



Тектеш кабарлар