Болгарияда парламентте алты партия менен союздаштыктын өкүлү болот

4 -  апрелде Болгарияда болгон жалпы шайлоодо эч бир партия жалгыз көпчүлүк добушту ала албады.

1615648
Болгарияда парламентте алты партия менен союздаштыктын өкүлү болот

 4 -  апрелде Болгарияда болгон жалпы шайлоодо эч бир партия жалгыз көпчүлүк добушту ала албады. Парламентте алты партиянын жана союздаштыктын өкүлү болот.

Борбордук Шайлоо Комиссиясы жергиликтүү шайлоо комиссияларынан келген  бюллетендердин 99 пайызынын саналганлыгын жарыялады.

Премьер-министр Бойко Борисов баштаган Болгариянын европалык өнүгүшү үчүн мекендештер ГЕРБ партиясы  26,14 пайыз добуш менен биринчи орунга чыкты.

Мындан мурда 3 жолу премьер  - министрлик кызматын аткарган Бойко Борисов кайрадан премьер  - министрликке талапкер болду бирок парламентте ГЕРБ партиясынын  добушу жетпегендиктен  башка күчтөрдүн колдоосу менен «текнократтар өкмөтүнүн» түзүлүшүн сунуш кылган.

Шайлоо жыйынтыктарынын такталышы менен президент Румен Радевдин өкмөттү куруу милдетин Борисовго  бериши бирок өлкөдөгү саясий лагерлешүүдөн улам коалиция сүйлөшүүлөрүнүн кыйын өтүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар