Пашинян Путин менен жолугушат
Пашинян борбор калаа Москвадагы маанилүү жолугушууга чейин бир жумалык карантинге кирди.
1614101
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 7-апрелде Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат.
Пашинян борбор калаа Москвадагы маанилүү жолугушууга чейин бир жумалык карантинге кирди.
Пашинян өкмөтүнүн аппарат башчысы Мане Геворгян Армениянын лидеринин 2-апрелден бери эл көп чогулган жерлерге барбагандыгын жана зарылчылык болбосо эч ким менен жолукпагандыгын билдирди.
Москвадагы Путин-Пашинян жолугушуусунда Армениядагы акыркы кырдаал жана Карабахта кол коюлган келишимдин ишке ашырылышы процесси талкууланат.