Жо Байдендин ити Мажор дагы бир адамды тиштеп алды

Окуя дүйшөмбү күнү Ак үйдүн түштүк багында болгон.

1611955
Жо Байдендин ити Мажор  дагы бир адамды тиштеп алды

АКШ президенти Жо Байдендин ити Мажор Ак үйдө дагы бир адамды тиштеп алды.

Окуя дүйшөмбү күнү Ак үйдүн түштүк багында болгон.

Байдендин жубайы Жилл Байдендин басма сөз катчысы Майкл ЛаРозанын айтымында, ит Улуттук парк кызматынын кызматкерин тиштеп алган.

ЛаРоза ит тиштеп алган кишинин дарылоо үчүн Ак үйдүн саламаттык сактоо бөлүмүнө (WHMU) алып барылгандыгын, текшерүүдөн кийин ишин уланткандыгын билдирди.

Улуттук парк кызматы бул тууралуу маалымат берген жок.

3 жаштагы немис  итин Байден жубайы 2018-жылы багып алган. Ит ушул айдын башында да бир кишини тиштегенден кийин Байден жубайынын Делавэр штатында Уилмингтон шаарындагы үйүнө жиберилип, 2 жумалык машыгуудан кийин кайра Ак үйгө алып келинген.



Тектеш кабарлар