Нигерияда куралдуу кол салуулардан 15 адам каза болду

Кол салуулар болгон аймактарга коопсуздук күчтөрү жөнөтүлдү.

1611915
Нигерияда куралдуу кол салуулардан 15 адам каза болду

Нигерияда карапайым адамдарга куралдуу кол салуулар уланып жатат.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Эбонинин 4 башка аймагында белгисиз адамдар тарабынан жасалган кол салуулардан 15 адам каза болду.

Куралчан топтор тинтүүлөрдү жүргүзүп, карапайым жарандарды бутага алышты. Кол салуулардан 15 адам каза болду. Ошондой эле көптөгөн адамдар жаракат алышты.

Кол салуулар болгон аймактарга коопсуздук күчтөрү жөнөтүлдү.

Нигерияда эки күн мурун да куралчан кишилер уюштурган кол салуудан 19 адам каза тапкан болчу.



Тектеш кабарлар