12 өлкө Мьянмадагы абалды айыпташты

Сөз болуп жаткан 12 мамлекеттин коргоо министрлери биргелешкен билдирүү жарыялашты.

1609819
12 өлкө Мьянмадагы абалды айыпташты

АКШ , Австралия, Канада, Германия, Греция, Италия, Япония, Дания, Нидерландия, Жаңы Зеландия, Түштүк Корея жана Англиянын коргоо министрлери, Мьянма коопсуздук күчтөрүнүн төңкөрүшкө каршы куралсыз нааразычылык акцияларына карай өлүмгө алып келген күчүн колдонушун айыпташты.

Сөз болуп жаткан 12 мамлекеттин коргоо министрлери биргелешкен билдирүүсүндө Мьянма армиясын зордук-зомбулукту токтотууга жана Мьянма элине жасаган мамилелери менен жоготкон сый-урматты жана ишенимди калыбына келтирүүгө чакырышты.

Билдирүүдө кесипкөй армия эл аралык стандарттарга баш ийип, кызмат кылган адамдарына зыян келтирүүнүн ордуна аларды коргошу керектиги белгиленип, Мьянманын коопсуздук күчтөрүнүн төңкөрүшкө каршы куралсыз демонстранттарга карай «өлүмгө алып келген күч колдонушу» айыпталды.

Кечээ Мьянмадагы аскердик төңкөрүшкө жана шайланган өкмөт мүчөлөрүнүн камакка алынышына каршы чыккан демонстранттарга коопсуздук күчтөрүнүн куралдуу кийлигишүүсүнүн натыйжасында 114 адам каза болду.



Тектеш кабарлар