"Ливанда кооптуу өзөктүк зат бар"

Ливандын премьер-министри Хасан Дияб өлкөнүн түштүгүндөгү мунай зат комплексинин кампаларында кооптуу өзөктүк зат бар экендигин жарыялады.

1609553
"Ливанда кооптуу өзөктүк зат бар"

Ливандын премьер-министри Хасан Дияб өлкөнүн түштүгүндөгү мунай зат комплексинин кампаларында кооптуу өзөктүк зат бар экендигин жарыялады.

Жогорку Коргоо Кеңеши борбор шаар Бейруттагы  Баабда президенттик сарайында президент Мишель Авндын жетекчилиги астында чогулду.

Премьер-министр Дияб жолугушууда өлкөнүн түштүгүндөгү Сайда шаарынын Захрани аймагындагы мунай куюлуучу цистерналарда кооптуу заттар бар экендигин белгилеп : «Бул заттар коркунуч жаратууда»,- деди.

Ушул боюнча Жогорку Коргоо Кеңеши да Ливан энергетика жана суулар министрлигин, Ливан атом энергиясы мекемеси башта болгон башка тийиштүү министрлик жана мекемелер менен координациялуу түрдө керектүү кадамдарды таштоо менен милдеттендирилди.

Бейрут портунда 2020 - жылдын 4 - августунда жарылуучу заттар сакталган кампада өрт чыгып, андан кийин шаарды толугу менен дүрбөлөңгө салган өтө күчтүү жарылуу болгон.

Президент Мишель Авн жарылууга порттогу кампада 6 жылдан бери сакталып келген 2750 тонна аммиак селитрасынын себеп болгондугун айткан.  

Жарылууда 190дон ашуун киши каза болуп, 6000ден ашуун киши жараланган жана 300 000 киши жарылуудан улам жерлеринен кеткен.

 



Тектеш кабарлар