Италиялык дипломат: «Түркия менен келишим түзүшүбүз керек»
Ведова, Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштарына баа берди.
1609567
Италиялык дипломат Бенедетто Делла Ведова, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги чыңалууга байланыштуу: «Түркия менен иш алып барышыбыз керек», деди.
Өлкөнүн басма сөзүнө маалымат берген Италиянын тышкы иштеринин кеңешчиси Бенедетто Делла Ведова, Түркия-Европа Биримдиги (ЕБ) карым-катнаштарына баа берди.
Түркия менен Италиянын ортосундагы мамилелердин маанилүүлүгүнө токтолгон Ведова: «Европаны демократиянын жана мыйзамдуулуктун үстөмдүгү деп эсептеген түрк жарандарын жалгыз калтырбашыбыз керек», деди.
Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги курч кырдаалга көңүл бурган италиялык дипломат: «Биз Түркия менен келишим түзүшүбүз керек. Аймактагы тең салмактуулук жөнөкөй эмес жана ылайыктуу пайдубал түптөлөт деп үмүттөнөм», деди.