Израиль күчтөрү Хамастын 3 башкаруучусун камоого алды

Басып алынган Батыш Шериадагы Хамас башкаруучуларынан үчөөсү  Израиль аскерлери тарабынан камоого алынды.

1609066
Израиль күчтөрү Хамастын 3 башкаруучусун камоого алды

Басып алынган Батыш Шериадагы Хамас башкаруучуларынан үчөөсү  Израиль аскерлери тарабынан камоого алынды.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Израиль күчтөрү Батыш Шерианын түштүгүндөгү Ел  -  Халил шаарында мурунку депутат Хатим Кафише, Хамастын 2006 -  жылы түзгөн өкмөттө орун алган мурунку Жергиликтүү башкаруулар министри Иса ел  -  Жебери жана башка Хамас жооптуусу Мазин ен  -  Нитшенин үйлөрүн тинтишти.

Израиль аскерлери Хамас башкаруучуларын эч бир негиз көрсөтпөстөн камоого алды. Бул Хамас жетекчилери мындан мурда да Израиль аскерлери тарабынан камоого алынган.

Израиль аскерлери кечээ Хамастын Батыш Шериадагы башкаруучуларынан Жемал Тавил менен Бажис Нахланы камоого алган. Хамаска жакын чөйрөлөр Палесинада жакындап келе жаткан  шайлоодон мурда Израилдин Кыймылдын мүчөлөрүн камакка алууну жана куугунтуктоону күчөткөнү тынчсыздандыргандыгын билдиришти.



Тектеш кабарлар