Индияда Ковид - 19 ооруканасында өрт чыкты

Өрттө 9 киши каза болду.

1609069
Индияда Ковид  - 19 ооруканасында өрт чыкты

Индиянын Махараштра штатынын борбор шаары Мумбай шаарындагы Ковид  - 19  бейтаптары дарыланган ооруканада чыккан өрттө 9 киши каза тапты.

Бернама агенттигинин кабарына караганда Мумбай шаарынын коопсуздук директорлугунун орун басары Прашант Кадам ооруканадан чыга албай калгандардын бар экендигинен тынчсызданышкандарын айтты.

Өрт өчүрүү кызматынан ким экендигин билдирүүнү каалабаган бир жетекчи да эрте мененки сааттарда чыккан өрттөн улам ооруканадан чыгарылган 70тен ашуун бейтаптын Мумбайдагы башка ооруканаларга жеткирилгендигин айтты.

Press Trust of India оорукана жетекчилеринин билдирүүсү боюнча кабарында өрттүн оорукананын астыңкы кабатынан башталып үстүңкү каттарга карай жогорулай баштагандыгын билдирди.

Өрттүн чыгуу себеби тууралуу тергөө иштери баштатылды.



Тектеш кабарлар