Байден ЕБнин лидерлери менен сүйлөштү

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Байдендин Европа Биримдигинин (ЕБ) саммитинин алкагындагы онлайн жыйынга катышкандыгы белгиленди.

1608908
Байден ЕБнин лидерлери менен сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Жо Байден Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларына АКШ-ЕБ мамилелерин кайрадан жандандыруу боюнча билдирүү жасады.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Байдендин Европа Биримдигинин (ЕБ) саммитинин алкагындагы онлайн жыйынга катышкандыгы белгиленди.

Европа Биримдигине мүчө 27 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышкан жыйындын Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишелдин жетекчилиги астында өткөрүлгөндүгү белгиленген билдирүүдө, Байдендин жыйында ЕБ менен АКШнын ортосундагы карым-катнаштарды кайрадан жандандырууга болгон чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу айткандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө Байден, күчтүү ЕБнин АКШнын кызыкчылыгына жооп берерин баса белгилеп, жалпы демократиялык баалуулуктардын, дүйнөдөгү эң ири соода жана инвестициялык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Байдендин коронавируска каршы күрөшүү, климаттын өзгөрүү коркунучун жоюу, экономикалык байланыштарды тереңдетүү, автократтарга караганда демократиянын белгилөөчү болушу темасында тыгыз кызматташууга чакыргандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө: «Президент Байден, Кытай жана Россия баш болгон жалпы тышкы саясий кызыкчылыктардын үстүндө биргелешип иштөө каалоосун билдирди. Мындан тышкары Түркия, Түштүк Кавказия, Чыгыш Европа жана Батыш Балкан өлкөлөрү темасында да АКШнын ЕБ менен байланыштарын улантуу керектигин баса белгиледи» деген сөздөр камтылды.



Тектеш кабарлар