Жерден тышкаркы жашоого байланыштуу жаңы изилдөө

Илимпоздор Жерден тышкаркы жашоонун башталышы үчүн керектүү шарттардын Сатурндун эң ири спутниктеринин биринде пайда болушу мүмкүн экенин билдиришти.

1607737
Жерден тышкаркы жашоого байланыштуу жаңы изилдөө

Жерден тышкаркы жашоонун башталышы үчүн "идеалдуу бешик" аныкталды.

Бразилиядагы Кампинас университетинин окумуштуулары Жерден тышкаркы жашоонун башталышы үчүн керектүү шарттардын Сатурндун эң ири спутниктеринин биринде пайда болушу мүмкүн деген бүтүмгө келишти.

Изилдөөнүн жыйынтыктары, Сатурндун спутниги Титандын бетинин органикалык углеводороддор жана болжол менен 100 км тереңдигинде табылган океанды жаап турган муз кабыгы менен капталгандыгын ортого салды.

Илимпоздор, бир астероид же куйруктуу жылдыздын спутник менен кагышуусунун муз кабыгын талкалап, натыйжада кратерде суу менен органикалык заттардын аралашмасы пайда болорун билдиришти.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул абал эң жөнөкөй тирүү организмдердин пайда болушуна алып келиши мүмкүн, анткени бул үчүн эң ылайыктуу чөйрө жылуу суу болуп саналат.



Тектеш кабарлар