Нигерияда Боко Харамдын 57 мүчөсү жок кылынды

Нигерияда Боко Харамдын 2009 -  жылдан бери  жүргүзүп келе жаткан террордук кыймылдарында 20 000ден ашуун киши каза болду.

1607427
Нигерияда Боко Харамдын 57 мүчөсү жок кылынды

Батыш Африка өлкөсү Нигериянын түндүк чыгышында террордук уюм Боко Харамга карата жүргүзүлгөн операцияларда уюмдун 57 мүчөсү жок кылынды.

Атын билдирүүнү каалабаган аскердик бир жетекчи жергиликтүү маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө армияныын Борно аймагына караштуу Дамбоа жана Гвоза аймактарында Боко Харамга карата операциялардын жүргүзүлгөндүгүн белгиледи. Жетекчи операцияда  Боко Харамдын 57 мүчөсүнүн жок кылынгандыгын, көп сандаган террористтин да жаракат алып качкандыгын билдирди.

Нигерияда Боко Харамдын 2009 -  жылдан бери  жүргүзүп келе жаткан террордук кыймылдарында 20 000ден ашуун киши каза болду.

Террордук уюм 2015 -  жылдан бери өлкөнүн чек ара коңшулары Камерун, Чад жана Нигерде да кол салууларды жасады. Уюмдун Чад көлү аймагындагы кол салууларында кеминде 2 000 киши каза болгон.

Өлкөдө террордук кол салуулар жана кагылышуулардан улам жүз миңдеген киши көчүүгө мажбур болду.



Тектеш кабарлар