Кытайда 3 000 жылдык алтын маска табылды

Бир гана бөлүгү табылган жана 280 грамм салмакта болгон масканын 84 пайызы алтындан жасалгандыгы аныкталды.

1606906
Кытайда 3 000 жылдык алтын маска табылды

Кытайдын  Сычуань аймагында жүргүзүлгөн казууларда 3 000 жыл мурунку мезгилге таандык экендиги белгиленген 1 алтын маска табылды.

Улуттук маданий мурас башкармалыгы масканын Сичуандагы Сансингдуй казуу аянтынан табылгандыгын билдирди. Андан мурунку табылгаларга салыштырганда дагы чоң экендиги белгиленген масканын өлчөмдөрүнрүн 23 сантиметрден 28 сантиметрге чейин экендиги белгиленди.

Бир гана бөлүгү табылган жана 280 грамм салмакта болгон масканын 84 пайызы алтындан жасалгандыгы аныкталды.

Салмагы 500 гарммдан ашыкча болору болжолдолгон масканын калган бөлүкчөлөрүнүн да табылышы менен ал мезгилге таандык алтын буюмдардын арасында «эң оору» болору билдирилди.



Тектеш кабарлар