АКШ Мексика чек арасында балдар жашап жаткан борборлорду маалымат каражаттарына ачат

АКШнын Ак үй катчысы Жан Псаки АКШга өткөн мыйзам тышы иммигрант балдар кармалган лагерлерди  маалымат каражаттарына ачуу үчүн даярдык көрүшкөндөрүн билдирди.

1606758
АКШ Мексика чек арасында балдар жашап жаткан борборлорду маалымат каражаттарына ачат

АКШнын Ак үй катчысы Жан Псаки Мексика чек арасынан АКШга өткөн мыйзам тышы иммигрант балдар кармалган лагерлерди  маалымат каражаттарына ачуу үчүн даярдык көрүшкөндөрүн билдирди.

Псаки Ак үйдө өткөргөн күнүмдүк пресс  - жыйынында Мексика чек арасында жашаган «коштоочусуз балдар» кризисине токтолду.

Псаки өлкөгө мыйзам тышы жолдор менен кирген балдар жашап жаткан борборлорго маалымат каражаттарынын киришине мүмкүнчүлүк түзүү үчүн иштелип жаткандыгын жана бул тууралуу аткарылган иштердин жакында такталарын билдирди.

CBSде орун алган кабарда Бажы жана чек араны коргоо бөлүгүнө таандык комплекстерде 5 000ге жакын коштоочусуз иммигрант балдардын орточо 136 саат кармалгандыгын жана 18 жашка чейинки 10 500 коштоочусуз баланын да саламаттык сактоо министрлигине таандык чукул баш калкалоо комплектеринде жана баш калкалоочу жайларда экендигине орун берилген.

Кабарда февраль айында рекорддук деңгээлде 9 400 баланын жанында коштоочусу болбостон АКШга мыйзам тышы жолдор менен киргендигине басым жасалган.

Чек ара жетекчилери акыркы 21 күндө күнүмдүк орточо 500дөн ашуун коштоочусуз баланын өлкөгө киргендигин маалымдаган.



Тектеш кабарлар