Түндүк Корея Малайзия менен байланышын үздү

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги Малайзияны сынга алды.

1604283
Түндүк Корея Малайзия менен байланышын үздү

Түндүк Корея өкмөтү, Малайзия менен дипломатиялык мамилелерин токтоткондугун билдирди.

Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги, Кореянын борбордук маалымат агенттигине берген билдирүүсүндө, Малайзия сотунун 2019-жылы өлкөдө камакка алынган Түндүк Кореянын жараны Мун Чол Мёнгдун коррупция боюнча соттолушу үчүн АКШга депортацияланышы мүмкүн деген өкүмүн сынга алды.

Түндүк Кореянын күнөөсүз жаранын депортациялоо чечимин чыгарган Малайзиянын кечирилгис кылмыш жасагандыгы белгиленген билдирүүдө: «Түндүк Корея Малайзия менен дипломатиялык мамилелерин АКШнын кысымына моюн сунуп душмандык мамилеси үчүн толугу менен үзгөндүгүн жарыялады» деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө мындан ары эки мамлекеттин ортосунда болуп кетиши мүмкүн болгон окуялар үчүн Малайзия жооптуу экени белгиленди.

Малайзиянын Жогорку Соту 9-мартта Түндүк Кореянын жараны Мёнгду арам акчаны адалдаган деген айып боюнча соттолушу үчүн АКШга депортациялоо өкүмүн чыгарган болчу.



Тектеш кабарлар