Грузияда Ковид - 19 вакцинасын алган медайым каза болду

16 саатка жакын дарылоого карабастан комадан чыкпаган медайым жергиликтүү убакыт боюнча саат 12 :00дө каза болду.

1604730
Грузияда Ковид  - 19  вакцинасын алган медайым каза болду

Грузиянын Мескетия шаарында коронавируска каршы иштеп чыгарылган AstraZeneca вакцинасын алгандан кийин комага кирген 27 жаштагы бир медайым каза болду.

16 саатка жакын дарылоого карабастан комадан чыкпаган медайым жергиликтүү убакыт боюнча саат 12 :00дө каза болду.

Мескетия шаарындагы Имеди клиникасында AstraZenecaвакцинасын алган медайымда вакцинадан бир канча минутадан кийин анафилаксия (тез арада дарылоо керек болгон, өмүргө коркунуч туудурган аллергиялык реакция) пайда болду.

Медайымдын комага киришине байланыштуучогулган вакцина комитети өлкөдө AstraZeneca вакцинасын колдонууну улантууга чечим чыгарган.

Грузия биринчи этапта 13 -мартта 43 200 доза AstraZeneca вакцинасын сатып алган.

Өлөкдө Ковид- 19 менен күрөшүүнүн негизинде 15 -мартта медицина кызматкерелерине вакцина бериле баштаган.



Тектеш кабарлар