Боррелль: «ЕБ Түркияга жардам бериши керек»

Жозеп Боррелль суроолорго жооп берди.

1604312
Боррелль: «ЕБ Түркияга жардам бериши керек»

Европа Биримдигинин (ЕБ) эл аралык иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелль, ЕБнин качкындардан улам Түркияга жардам берүүгө аргасыз болгонун айтты.

Жозеп Боррелль Евробиримдиктин Ливияга курал-жарак эмбаргосун текшерүү үчүн түзгөн Ирини операциясынын башкаруу борборуна барды.

Боррелль бул жерде бир суроо боюнча Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы качкындар келишиминин негизинде иммигранттардын агымы токтогонун жана көптөгөн адамдардын өмүрү сакталгандыгын түшүндүрүп: «Бул келишим дагы деле күчүндө жана аны ишке ашыруу улантылышы керек»,-деди.

Жогорку өкүл, Түркиянын 4 миллиондон ашуун качкынды кабыл алгандыгын белгилеп: «Европа Биримдиги Түркияга жардам көрсөтүп бул адамдардан келип чыккан жүктү жеңилдетиши керек», деп айтты.

Боррелль Италиянын тышкы иштер министри Луижи Ди Майо менен жолугушуусунан кийинки билдирүүсүндө болсо дүйшөмбү күнү өтө турган тышкы иштер министрлеринин жыйынында Түркия-Греция карым-катнаштарынын карала тургандыгын маалымдады жана «Түркия менен мамилелерде жакшы учур бар», деди.



Тектеш кабарлар