Украина Крымды аннексиялап алгандыгы үчүн Россияны эл аралык сотко берүүдө

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Крымдын аннексияланышына байланыштуу билдирүү жарыялады.

1602939
Украина Крымды аннексиялап алгандыгы үчүн Россияны эл аралык сотко берүүдө

Украина өз аймагын аннексиялап алуу аракети үчүн Орусияны сот алдында жоопко тартууга чечкиндүү экендигин билдирди.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Крымдын аннексияланышын жактырган референдум деп аталган күндүн 7-жылдыгына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, аннекция аркылуу Россиянын жарым аралдагы аскерий күчүн көбөйтүп, Европа жана Жер Ортолук деңизинин коопсуздугу үчүн потенциалдуу коркунуч туудурганы белгиленген.

Крымды бошотуу жана Украинанын аймагын аннексиялап алуу аракети үчүн Орусияны акыйкаттыктын алдында жоопко тартууга чечкиндүү экендиктери айтылган билдирүүдө, Украинанын бул маселе боюнча сот процесстери эл аралык соттордо уланып жаткандыгы баса белгиленди.

Билдирүүдө жакында эле «Крымды бошотуу жана реинтеграциялоо стратегиясы» кабыл алынгандыгы белгиленип, Украинанын жана эл аралык өнөктөштөрдүн аракети менен Крымда конституциялык түзүлүш кайра калыбына келтирилээри айтылган.



Тектеш кабарлар