Ливиядагы кеңешүү жыйналыштары...

Биргелешкен Аскер комитетинин мүчөсү Эль-Фитури Гирбил, жолдун ачылышы менен Сирт жана Эль-Жуфрадагы жалданма аскерлер чыгарыла баштай тургандыгын айтты.

1603099
Ливиядагы кеңешүү жыйналыштары...

Ливиядагы 5 + 5 Биргелешкен Аскер комитетинин мүчөсү Эль-Фитури Гирбил, Сирт менен Мисратанын ортосундагы жээк жолунун 2 жуманын ичинде ачыла турганын билдирди.

Гирбил жолдун ачылышы менен Сирт жана Эль-Жуфрадагы жалданма аскерлер чыгарыла баштай тургандыгын айтты.

Комитеттин 8-консультативдик жыйынынан кийин жасалган билдирүүдө, өлкөнүн түндүгүн бойлой өткөн Жээк жолунун эң кеч 2 жумада ачылышына баа берүү үчүн жакында дагы бир жолу чогулуп баа бере тургандары маалымдалган.

Билдирүүдө Комитет чет элдик жалданма аскерлерди өлкөдөн чыгаруу механизмин, ошондой эле эки тараптын колундагы туткундарды алмашуу жана буга тоскоол боло турган кыйынчылыктарды жеңүү аракеттерин улантуу маселесин талкуулаганы айтылган.

19-23-октябрь күндөрү Швейцариянын Женева шаарында өткөн 5 + 5 Биргелешкен Аскер комитетинин жыйындарынын натыйжасында Ливия өкмөтү менен өлкөнүн чыгыш тарабындагы мыйзамсыз күчтөрдүн лидери Хафтар делегацияларынын ортосунда туруктуу ок атпоо келишимине кол коюлду.

Өлкөнүн чыгышын жана батышын түндүк сызык боюнча бириктирген Жээк жолун 2020-жылдын ноябрь айында ачуу чечимин кабыл алган Комитет, ушул шартта февраль айында Сирт жана ушул шаарга байланышкан жолдор миналардан жана жардыргыч заттардан тазаланышына чечим чыгарган.



Тектеш кабарлар