Израилдин Дамаскка ракета менен кол салганы билдирилди
Башар Асад режими Израилдин Сириянын борбор шаары Дамаскка ракета менен кол салгандыгын ортого салды.
1602890
Башар Асад режими Израилдин Сириянын борбор шаары Дамаскка ракета менен кол салгандыгын ортого салды.
Асад режиминин маалымат агенттиги SANA Израилдин жергиликтүү убакыт боюнча саат 22:35те оккупация астындагы Голан дөңсөөлөрү багытынан Дамаск шаар борборунун айланасындагы режимге таандык айрым жерлерге ракета менен кол салгандыгын билдирди.
Кол салууда материалдык чыгымдын болгондугу билдирилип : «Абадан коргонуу системаларыбыз душман ракеталарын тосуп алды жана көпчүлүгүн атып түшүрдү»,- деп маалымдалды. Израилден бул тууралуу маалымат берилген жок.
Тектеш кабарлар
Канадада мечитте бычактуу кол салуу болду
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерде 24 жаштагы шектүүнүн кармалганын билдирди.