Исландияда 3 жуманын ичинде 50 миңден ашуун жер титирөө болду
Рейкьянес жарым аралында катталган эң ири жер титирөөнүн күчү 5,6 баллга жеткени жана 24-февралдан 1-мартка чейин 5 баллдан ашкан дагы 2 жер титирөөнүн болгону кабарланды.
1603164
Исландиянын түштүк-батышында жайгашкан Рейкьянес жарым аралында акыркы 3 жумада 50 миңден ашуун жер титирөө болду.
Би-Би-Синин маалыматына караганда, Исландиянын Метеорология бюросу өлкөнүн түштүк-батышындагы Рейкьянес жарым аралында катталган эң ири жер титирөөнүн күчү 5,6 баллга жеткенин жана 24-февралдан 1-мартка чейин 5 баллдан ашкан дагы 2 жер титирөөнүн болгонун кабарлады.
Илимпоздор, Евразия менен Түндүк Американын тектоникалык плиталарынын ортосунда жайгашкан Исландиядагы акыркы жер титирөөлөрдүн жанар тоонун атылышынын кабарчысы болушу мүмкүн экенин билдиришти.