Актриса Эмилия Кларктан Сирия калкына колдоо

Белгилүү актриса Эмилия Кларк Сириядагы жарандык согуштун 10 -  жылына карата Сирия калкына колдоо билдирүүсүн жарыялады.

1603055
Актриса Эмилия Кларктан Сирия калкына колдоо

Белгилүү актриса Эмилия Кларк Сириядагы жарандык согуштун 10 -  жылына карата Сирия калкына колдоо билдирүүсүн жарыялады.

«Game of Thrones» тактап айтканда «Такты оюндары» сериалы менен таанылган британялык актриса Кларк Сирия калкына жана Сириядагы медициналык борборлорду бутага алууну токтотуу үчүн баштатылган "ActionforSama" кыймылына колдоо үчүн билдирүү жарыялады.

Арап тилинде «Кыялдануу үчүн күч топтодук, ар намысыбыз үчүн өкүнбөйбүз» деп жазылган плакат менен тартылган сүрөтүн жарыялаган Кларк : «Сирия калкы эркиндик жана ар намыс үчүн күрөшкөнүнө 10 жыл болду»,- деп жазды.

Режиссерлугун Ваад Аль-Катеб жана Эдвард Уоттс аткарган «Сама үчүн» аттуу кинону көргөндүгүн белгилеген Кларк : «Ваад, үй   бүлөсү тынчтык жана ар  намыс үчүн күрөшкөн миллиондогон сириялыктын жанындабыз. Сиз да колдообузду көрүү үчүн actionforsama.comго кирсеңиздер болот деп жазган.



Тектеш кабарлар