АКШда куралдуу кол салуудан 8 киши каза тапты

АКШнын маалымат каражаттарында чагылдырылган жана Атланта полициясынын маалыматтарына ылайык, кечээ кечинде шаардагы 3 массаж салонуна мылтык менен кол салуу болгон.

1602677
АКШда куралдуу кол салуудан 8 киши каза тапты

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Жоржия штатындагы 3 массаж салонуна болгон куралдуу кол салуудан 8 адам каза болду.

АКШнын маалымат каражаттарында чагылдырылган жана Атланта полициясынын маалыматтарына ылайык, кечээ кечинде шаардагы 3 массаж салонуна мылтык менен кол салуу болгон.

Полиция адегенде Жоржиянын борбору Атлантанын түндүгүндөгү Чероки аймагында азиялык массаж салонуна жергиликтүү убакыт боюнча түштөн кийин болгон кол салуудан 4 адам каза болду деген маалыматты бөлүштү.

Бул окуядан көп өтпөй, Атланта шаарынын борборундагы дагы бир массаж бөлмөсүндө дагы 3 адам атып өлтүрүлдү деп кабарланды жана бул кол салуудан көп өтпөй дагы бир жакын жердеги массаж салонунда бир адам атып өлтүрүлдү.

Окуяны иликтеген полиция кызматкерлери кечке жуук шектүү Роберт Аарон Лонг камакка алынгандыгын билдиришти жана алар 3 кол салуунун тең шектүүсү Лонг деп эсептешти.

Окуя боюнча тергөө иштери уланып жатканда, америкалык маалымат каражаттары кол салуудан каза тапкандардын алтоосу азиат улутундагы аялдар экендигин кабарлашты.



Тектеш кабарлар