Армения аскердик машыгуусун баштады

Машыгуу 20 - мартка чейин уланат.

1602501
Армения аскердик машыгуусун баштады

Армениянын куралдуу күчтөрүнүн машыгуусу башталды.

Коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда машыгууга 7 500 аскер, 200 артиллериялык ракета системасы, 150дөн ашуун танкка каршы унаа, болжол менен 100 брондолгон унаа, 90дон ашуун абадан коргонуу системасы жана ондогон учак катышат.

Аскер бөлүктөрүнүн согушка даярдыгын текшерүү максатында өткөрүлгөн машыгуу 20 - мартка чейин уланат.

Армян армиясы оккупациялаган Тоолуу Карабахта Азербайжанга жеңилип, былтыр бул жерден чыгып кеткен.  



Тектеш кабарлар