Блинкен Россияда оппозициячылдардын кармалышына каршылык көрсөттү

Бул тууралуу Блинкен өзүнүн Twitter баракчасында билдирүү жасады.

1600806
Блинкен Россияда оппозициячылдардын кармалышына каршылык көрсөттү

АКШнын мамлекеттик катчысы Антоний Блинкен Орусиядагы муниципалдык шайлоого карата оппозициянын Москвада өткөргөн жыйынында 200 кишинин кармалышына каршылык көрсөттү.

Блинкен өзүнүн Twitter баракчасында билдирүү жасап, «Россиянын өкмөтү арасында саясий активисттер Владимир Кара-Мурза жана Юлия Галямина дагы орун алган 200 муниципалдык лидерлерди жана саясатчыларды шектүү себептер менен камакка алды. Биз көзкарандысыз үндөр боюнча сот ишин токтотууну талап кылабыз»,деген пикирин айтты.

Россияда полиция өлкөнүн бардык аймактарындагы оппозициячыл саясатчылардын катышуусунда өткөн конференцияга рейд жүргүзүп, 200 кишини камакка алды.

Полиция тараткан билдирүүдө, Москвадагы мейманканада өткөн жыйында жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) чектөөлөрү бузулгандыгы жана жыйындын «опурталдуу» уюм тарабынан уюштурулгандыгы айтылган.

Сентябрдагы шайлоонун алдында оппозициянын өкүлдөрү, анын ичинде өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген шаардык кеңештин депутаттары бул жыйынга чогулушту.



Тектеш кабарлар