Мьянмада түнкү митингдерде 4 киши каза болду

Мьянма басма сөзүнүн билдиргенине караганда митингге чыккандар түнү Янгон шаарындагы полиция борборунун алдында чогулушкан.

1600545
Мьянмада түнкү митингдерде 4 киши каза болду

Мьянмада коопсуздук күчтөрүнүн аскердик сокку жана шайланган өкмөт мүчөлөрүн камоого алышына каршылык көрсөткөн митингчилерге кийлигишүүсү менен 4 киши каза болду. Мьянма басма сөзүнүн билдиргенине караганда митингге чыккандар түнү Янгон шаарындагы полиция борборунун алдында чогулушкан. 

Коопсуздук күчтөрү камоого алынган митингчилерди эркин бошотууну талап кылган митингчилерге куралдар менен кийлигишти. Калың элге ок атуу менен Янгондун Таркеда районунда  2 киши, Мингладон жана Хаингде да 1 киши каза болду. 

Митингге чыккан топтор каза болгон кишилерден кийин хунтага каршы дагы көп митинг уюштуруу убадасын беришти. 

Мьянма армиясы өзүнө жакын саясий топтордун 2020 -  жылы 8 -  ноябрдагы  шайлоодо мыйзам бузуу болгондугун   ортого салышы жана өлкөдө саясий  чыңалуунун жогорулашынан кийин 1 -  февралда  башкарууну басып алган. 

Армия  өлкөнүн лидери жана тышкы иштер министри Аун Сан Су Чийди камакка алып, бир жылга өзгөчө кырдаал жарыялаган. 

Түркия козголоңду айыптап, батыш өлкөлөрүнөн  да козголоңго каршылык билдирилип, сындар айтылган. 

 

 



Тектеш кабарлар