Ири астероид жакында өтөт

НАСА дата катары 21-мартты көрсөттү.

1600396
Ири астероид жакында өтөт

Американын авиация жана космос агенттиги НАСА жердин жанынан ири астероид өтөөрүн жарыялады. Дата катары 21-мартты көрсөттү.

Ылдамдыгы саатына 125 миң чакырым болгон "2001 FO32" аттуу астероидин жерден эки миллион чакырым алыстыкта ​​өтүшү күтүлүүдө.

Астрономдордун айтымында, бул өтө жакын аралык. Ушул себептен астероиддин өтүшү "кооптуу" категорияга кирет.

НАСА кийинки кылымда Жердин жанынан өтө турган окшош көлөмдөгү астероиддердин 95 пайызын аныктады.

Бул астероиддердин жерге терс таасирин тийбеши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар