Эрбилде ПКК террористтери жайгаштырган мина жарылды

Жарылууда 1 пешмепге каза болуп, 1 киши жаракат алды.

1600542
Эрбилде ПКК террористтери жайгаштырган мина жарылды

Ирактын Эрбил облусуна караштуу Сидекан аймагында ПКК террордук уюмдун терроисттери жайгаштырган мина жарылып 1 пешмерге каза болуп, 1 киши оор жаракат алды.

ПКК террористтери Эрбил облусунун Соран районуна караштуу Сидекан аймагында жолго мина жайгаштырды.  Мина пешмергеге таандык бир унаа өтүп бара жатканда жарылды. Жарылууда 1 пешмерге каза болуп, 1 киши да жаракат алды.

Жетекчилер бомбанын ПКК террористтери тарабынан бир канча күн мурда жайгаштырылгандыгын билдиришти.

ПКК мүчөсү террористтер 2 күн мурда да Синжардагы Ирак аскерлерине кол салып, чыккан кагылышууда бир киши жаракат алган. Террордук уюмдун акыркы күндөрдө Ирак коопсуздук күчтөрүнө карата кол салуулары күч алууда.

Синжарда 5 жаңы база кургадыгы белгиленген ПКК жуманын ичинде да Ирак аскерлерине карата кол салган.



Тектеш кабарлар