ПККнын тарапташтары Ирак аскерлерин бутага алды

Уюмдун мүчөлөрү ПКК жана уландылары менен Хашди Шаби күчтөрүнүн аймактан чыгышын каалаган Ирак аскерлерине кол салды.

1600065
ПККнын тарапташтары Ирак аскерлерин бутага алды

Жикчил террордук уюм ПКК кысымдарга карабастан Ирактын Синжар районунан чыкпай жатат. Уюмдун мүчөлөрү ПКК жана уландылары менен Хашди Шаби күчтөрүнүн аймактан чыгышын каалаган Ирак аскерлерине кол салды.

Ирактын Мусул аймагына караштуу Синжар району ПККдан тазаланууга аракет кылынууда. ПКК болсо аймакта болууну улантууда. Акыркы жолу террордук уюмдун Синжарда 5 жаңы база кургандыгы билдирилген.

Ирак өкмөтү ПКК жикчил террордук уюм жана уландыларына бул базаларды жабуусу керектигин айтып : «Аймактан чыккыла»,- деген.

Чечимге каршы чыккан террордук уюмдун жактоочулары Ирак күчтөрүнө кол салды.Зооттуу унаалардын үстүнө чыккан ПКК террордук уюмдун жактоочулары Ирак аскерлерин бутага алды.

Ирак өкмөтү жана Ирак күрт аймактык башкаруусунун арасында ПККнын аймактан чыгарылышы үчүн 9 -  октябрда Синжар келишимине кол коюп, Багдат башкаруусу да аймакка федералдык полицияга караштуу эки бригаданы жиберген.

Ирак келишимдин ишке ашкандыгын ортого салууда. Бирок  Синжардагы ПККнын кайда барары жана кандай чыгарылары али тактала элек.



Тектеш кабарлар