АКШ Түркия менен ЕБнин демилгелерин колдойт

Энтони Блинкен Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги акыркы кырдаал боюнча суроолорго жооп берди.

1598992
АКШ Түркия менен ЕБнин демилгелерин колдойт

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги көйгөйлөрдүн чечилүүсү үчүн Европа Биримдиги (ЕБ) менен акыркы мезгилдеги демилгелерин колдогондорун билдирди.

Энтони Блинкен Өкүлдөр палатасынын Эл аралык байланыштар комитетинде катышкан сессияда Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги акыркы кырдаал боюнча суроолорго жооп берди.

Акыркы жумаларда Чыгыш Жер Ортолук деңизинде оң жылыштар болгонун белгилеген Блинкен: «Түркиянын, конструктивдүү кадам ташталышына карата ЕБ жана берки өлкөлөр менен байланыш куруусу аймактагы чыңалууну басаңдаткандай сезилүүдө. Биз аны колдойбуз жана мындай кадамдардын ушул багытта ташталуусуна жардам берүүнү улантабыз», деди.

Блинкен: «АКШ Чыгыш Жер Ортолук деңизинде туруктуулукту камсыз кылууга жана бардык тараптардын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоого этият мамиле кылат. Аймакта келип чыккан талаш-тартыштарды аскердик жана чагымчыл жолдор менен эмес, тынчтыкчыл түрдө дипломатиялык жолдор менен чечүүгө болот», деп айтты.



Тектеш кабарлар