Кытайдын космостук унаасынан марстын фотографиялары жарыяланды
Tianwen-1 тартып алган алгачкы фотографиялар жарыяланды.
Кытай улуттук космостук мекемеси марска жиберилген космостук унаа Tianwen-1 тартып алган алгачкы фотографиялар жарыяланды.
Спутниктин билдиргенине караганда марска 330 – 350 километр алыстыктан тартылган экөөсү кара ак, бирөөсү да түстүү жогорку пикселдүү фотографияларда Кызыл планетанын бетинин кичинекей кратерлери көрүндү.
2020 - жылы 23 - июлда Хаинан аймагындагы Венчанг космостук унааларды учуруу аянтынан учурулган Tianwen-1 475 миллион километр жолду басып өтүп 224 күндөн кийин марс орбитасына кирген.
Космостук унаанын май же июнь айында марска конушу күтүлүүдө.
Иликтөөчү унаа камералар жана түрдүү аппараттар менен иштей баштайт жана планетага карата иликтөөлөрүн жүргүзөт.
Тектеш кабарлар
Конгодо сел: 10 адам каза болду
Басанкусу кыштагында 2 күндөн бери катуу жааган жамгырдан кийин сел жүрдү.