"Starship" сыноодон өткөндөн кийин жерде жарылып кетти

Startshipтин буга чейинки эки сыноосу тең ийгиликсиз болгон.

1594899
"Starship" сыноодон өткөндөн кийин жерде жарылып кетти

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) космос жана авиация компаниясы SpaceX Марска жиберүүнү пландаштырган жаңы муундагы "Starship" космостук кемеси бийиктикке учуу сыноосун ишке ашыргандан кийин учуу платформасына тик коно алган аппарат көп өтпөй жарылып кетти.

SpaceXтин 3- сыноосун аткарган жаңы муундагы ири Starship космостук кемеси, учуу сыноосу ийгиликтүү өткөндөн кийин платформага тик жана жумшак конгонуна карабастан, көп өтпөй моторунда көрүнгөн жалындан улам жарылып кетти.

Космостук компаниянын негиздөөчүсү жана башкы жетекчиси Илон Маск берки аппараттардан айырмаланып Марска бир эле мезгилде ондогон адамдарды жиберүүнү кыялданып иштеп чыккан ири көлөмдөгү Startshipтин буга чейинки эки сыноосу тең ийгиликсиз болгон.

Техастын Мексика чек арасына жакын жердеги сыноо аянтчасында өткөрүлгөн учуудан кийинки жарылууга күйүүчү майдын агып кетиши себеп болгондугу билдирилди.



Тектеш кабарлар