Пандемияда 168 миллион бала бетме-бет билим ала алган жок

ЮНИСЕФ Ковид-19 пандемиясынын балдарга жана алардын билимине кандай таасир тийгизгени жөнүндө отчет жарыялады.

1594689
Пандемияда 168 миллион бала бетме-бет билим ала алган жок

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын себебинен акыркы бир жылда 168 миллиондон ашуун бала бетме-бет билим ала алган жок.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан жарыяланган Ковид-19 пандемиясынын балдарга жана алардын билимине кандай таасир тийгизгени жөнүндө отчетуна караганда, ар бир 7 баланын бири башкача айтканда 214 миллион бала бетме-бет билим берүү мүмкүнчүлүгүнүн төрттөн үчүнөн ашыгына жете алган жок.

168 миллиондон ашуун бала болсо мектептер бир жылдай жабык турганына байланыштуу бетме-бет билим ала алышкан жок.

14 өлкөдө мектептер негизинен 2020-жылдын март айынан 2021-жылдын февралына чейин жабык бойдон калса, үчтөн экиси Латын Америка жана Кариб деңизинде болгон бул өлкөлөрдө мектеп жашындагы 98 миллион бала таасиленди.

Панама мектептери эң узак убакытка жабылган өлкөлөрдүн бири болду. Андан кийин Сальвадор, Бангладеш жана Боливия турат.



Тектеш кабарлар