Boeing учкучсуз аскерик учагынын биринчи учуусун ишке ашырды

Учкучсуз "Loyal Wingman" учагы биринчи учуусун ийгиликтүү аяктады.

1594075
Boeing учкучсуз аскерик учагынын биринчи учуусун ишке ашырды

Американын авиация жана коргонуу компаниясы Boeing, өзү иштеп чыккан "Loyal Wingman" аттуу учкучсуз учуучу аскерик учагынын биринчи учушун Австралияда ишке ашыргандыгын билдирди.

Boeing компаниясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Боинг Австралия менен Австралиянын Королдук Аба күчтөрү тарабынан иштелип чыккан учкучсуз "Loyal Wingman" учагы биринчи учуусун ийгиликтүү аяктады» деп маалымдалды.

Учактын Австралиядагы Woomera учуу борборунда Боинг учкучу тарабынан учурулгандыгы белгиленген билдирүүдө төмөнкүлөр жазылды:

«Жердеги кыймыл элементтерин каттаган такси, навигация, башкаруу жана пилоттук интерфейскке багытталган көптөгөн сыноолордон кийин бул учак, учуунун иштешин жана аба күчтөрүнүн командалык тутумунун долбоорлоруна шайкештигин текшерүү үчүн алдын-ала белгиленген багытта ар кандай ылдамдыкта жана бийиктикте учканга чейин өз күчү менен ийгиликтүү учту» деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө, бул учактын учкучтуу жана учкучсуз учуучу аппараттардын негизинде кол учуусу жана командалык милдетти аткаруу үчүн  жасалма интеллектти колдоно тургандыгы айтылды.



Тектеш кабарлар