Израиль полициясы менен палестиналыктардын ортосунда кагылышуу чыкты
Оккупацияга алынган Чыгыш Кудста кечээ болгон кагылышууда 5 Израиль полициясы жараланып, бир палестиналык камоого алынды.

Израиль полициясы менен палестиналыктардын ортосунда оккупацияга алынган Чыгыш Кудста кечээ болгон кагылышууда 5 Израиль полициясы жараланып, бир палестиналык камоого алынды.
Израиль полициясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израилдин «Мустарибин» деп билинген жарандык кийимчен операция жүргүзгөн бөлүгү Чыгыш Кудстун Исевиййе мааласында полицияга таш ыргыткан палестиналыктарды жоопко тарткандыгы жана бир палестиналыкты камоого алгандыгы белгиленди.
Маалыматта ондогон палестиналыктын фейерверк жана жарылуучу заттар менен полицияга каршылык көрсөткөндүгү билдирилип, полициянын шектүү кишилерди таркатуу үчүн түрдүү методдорду колдононгондугу кабар берилди.
Аймакта болгон окуялар учурунда 5 полициянын жеңил жаралангандыгы, 3 полициянын окуя болгон жерде дарылангандыгы, экөөсүнүн ооруканага алып барылгандыгы маалымдалды.
Тектеш кабарлар

Мозамбиктеги холера эпидемиясы
Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдөгү холера оорусу боюнча акыркы көрсөткүчтөрдү бөлүштү.