Германияда качкындарды бутага алган кол салуулар

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул кол салуулардан 201 адам жаракат алды.

1593745
Германияда качкындарды бутага алган кол салуулар

Германияда былтыр баш калкалоочуларга жана качкындарга багытталган 1606 кол салуу болду.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул кол салуулардан 201 адам жаракат алды.

2020-жылы качкындар баш калкалаган жайларды бутага алган 84 кол салуу болду. Алардын 79у ашкере улутчулдар тарабынан жасалды.

Баш калкалоочуларга жана качкындарга жардам берген уюмдарга 67 кол салуу катталды. Бул кол салуулар акарат кылуу, жек көрүүчүлүктү жана кастыкты козутуу, мүлккө зыян келтирүү жана зомбулуктарды камтууда.

2019-жылы баш калкалоочуларга жана качкындарга каршы 1620 кол салуу болгон. 



Тектеш кабарлар