АКШда Ак үйдүн катчысы Жен Псаки Ирандын четке кагуусуна нааразы экендерин билдирди
Иран Европа Биримдигинин тышкы карым - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеф Борелл сунуш кылган «расмий болбогон өзөктүк келишим жыйынын» четке какты.
1593323
АКШда Ак үйдүн катчысы Жен Псаки Ирандын Европа Биримдигинин тышкы карым - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеф Борелл сунуш кылган «расмий болбогон өзөктүк келишим жыйынын» четке каккандыгына нааразы болгондугун белгиледи. Псаки Ак үйдө өткөргөн пресс - жыйынында : Биз Ирандын бул жообунан улам нааразычылыгыбызды билдирдик. Өзөктүк келишимдин убадаларына кайра кайтуу үчүн маанилүү бир дипломатия жүргүзүүнү улантабыз жана ар бир баскычта өнөктөштүрүбүз менен байланышта болобуз»,- деди.