Боорду калыбына келтирип, жаңылаган клеткалар аныкталды

Бул маалыматтар боордун рагы сыяктуу көптөгөн ооруларды дарылоого жардам берет деп күтүлүүдө.

1591630
Боорду калыбына келтирип, жаңылаган клеткалар аныкталды

Боорду калыбына келтирген жана жаңылаган клеткалар аныкталып, алардын жайгашкан жерлери белгиленди.

Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) Техас университетинин Балдар медикал борборунун Изилдөө институту (CRI) тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн алкагында, боордун калыбына келишин жана жаңыланышын камсыз кылган клеткалар менен алардын органдагы орду аныкталды.

Изилдөөнүн жүрүшүндө 3 башка бөлүккө бөлүнгөн боордо, жаңыланууну камсыз кылган гепотоцит клеткаларынын экинчи бөлүгүндө жайгашкандыгы билдирилди.

Бул изилдөө менен адистер боордогу негизги клетка түрү болгон гепатоциттердин бардыгыбы же айрымдары органдын калыбына келишин камсыздайбы деген талаш-тартыштарга чекит коюшту.

Боордун биринчи жана үчүнчү бөлүктөрү алкоголдук ичимдиктерден жана инфекцияга байланыштуу оорулардан көбүрөөк жабыркагандыгын, бирок экинчи бөлүктүн бул жаракаттардан корголгонун белгилеген адистер, муну боордо жаңыланууну камсыз кылган гепотоцит клеткаларынын иштөөсү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды камсыздашы менен байланыштырышты.

Бул маалыматтар боордун рагы сыяктуу көптөгөн ооруларды дарылоого жардам берет деп күтүлүүдө.

Изилдөө "Илим" журналына жарыяланды.



Тектеш кабарлар