АКШда учак кырсыгы болду

Кырсыкта 3 киши каза болду.

1591733
АКШда учак кырсыгы болду

АКШнын Жоржия штатындагы учак кырсыгында 3 киши каза болду.

Федералдык Авиация Башкармалыгынын (FAA) билдирүүсүндө, штаттын түндүк-чыгышында Гейнсвилл шаарындагы Ли Гилмер мемориалдык аэропортунан учуп чыккан "Cessna 182 Skylane" тибиндеги чакан учактын аянттан 3, 2 километр учкандан кийин кырсыкка кабылгандыгы белгиленди.

Жергиликтүү жетекчилер кырсыкта учактагы 3 кишинин каза болгондугун билдиришти. Учак кырсыкка учураган жерде эч бир чыгым болбостон, Федералдык Авиация Башкармалыгы жана Улуттук транспорттук коопсуздук кеңешинин кырсыктын себебине байланыштуу териштирүү жүргүзөрү маалымдалды.



Тектеш кабарлар