БУУ Кипр жыйынын өткөрөт
Башкы катчы Швейцариянын Женева шаарында расмий эмес 5 + 1 жыйынын өткөрүүнү пландап жатат.
1590283

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) кипрдик тараптар жана кепил өлкөлөр Түркия, Греция жана Британияны 27-29-апрелде Швейцариянын Женева шаарында жолугуштурат.
БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Башкы катчы Швейцариянын Женева шаарында 2021-жылдын 27-29-апрель күндөрү Кипр көйгөйү боюнча расмий эмес 5 + 1 жыйынын өткөрүүнү пландап жатат»,- деди.
Билдирүүдө жыйындын максатынын Кипр маселесине жакынкы аралыкта туруктуу чечүү жол табуу үчүн тараптардын жалпы негизде жолугушуп же жолугушпай тургандыгын көрүү экени белгиленди.
Тектеш кабарлар

Палестинада күчү 4,8 баллга жеткен жер титирөө болду
Жер титирөө Иерусалим, Рамалла жана Наблус шаарларында сезилди.