Ливиянын ички иштер министри : "Кол салуу пландуу кол салуу"

Ливиянын ички иштер министри Фетхи Башага өзүнө карата жасалган кол салуунун пландуу бир кыймыл экендигин айтты.

1589133
Ливиянын ички иштер министри : "Кол салуу пландуу кол салуу"

Ливиянын ички иштер министри Фетхи Башага өзүнө карата жасалган кол салуунун пландуу бир кыймыл экендигин айтты. Башага 21 -  февралда Триполинин батышындагы  Жанзур аймагындагы резиденциясына кирип бара жатканда конвоюна жасалган кол салуу тууралуу массалык маалымат каражаттарына маалымат берди.

Жанзурага барышканда брондолгон бир жүк ташуучу унаадан ок атылып конвоюндагы унааларга кол салынгандыгын белгилеген Башага : «Кол салуу кокусунан болгон жок, пландуу түрдөгү кол салуу»,- деди. Башага жан сакчысынын унааны  конвойдон алыстатуусу менен кубалоонун башталгандыгын, акырында жүк ташуучу машинанын кулагандыгын, жан сакчысынын да жаракат алгандыгын билдирди.

Ички иштер министри Башага кол салуучулардан бирөөсүнүн каза болгондугун, экөөсүнүн кармалгандыгын айтып, кенен маалымат берген жок.



Тектеш кабарлар