Россия - Бириккен Арап Эмираттары суперсоник жүргүнчү учагын чыгарат

Спутниктин кабарына караганда билдирүү Россия өнөр жай жана соода министри Денис Мантуровдон келди.

1588322
Россия  -  Бириккен Арап Эмираттары суперсоник жүргүнчү учагын чыгарат

Россия менен Бириккен Арап Эмираттары суперсоник тактап айтканда үндөн да ылдам кыймыл кылган жүргүнчү учагын чыгаруу үчүн биргелешкен фирма курат.

Спутниктин кабарына караганда билдирүү Россия өнөр жай жана соода министри Денис Мантуровдон келди.

Мантуров биргелешкен фирмада Бириккен Арап Эмираттары тарабынан өлкөнүн байлык фондунун, Россия тарабынан  өкмөттүн көзөмөлүндөгү Бириккен учак фирмасынын орун аларын айтты.

Мантуров тараптардын жаңы фирма акцияларынын кандай бөлүшүлөрү белгисиз экендигин билдирди.

Орус министри өзгөчө учактын эмнеге окшой тургандыгы бул жылдын акырына чейин белгилүү болушу күтүлүп жаткандыгын айтты.

Россиянын президенти В. Путин 2018 -  жылы январь айындагы бир билдирүүсүндө орус бомбалоочу учак Ту  - 160 база катары алынып суперсоник жүргүнчү учагын чыгаруу сунушун күн тартибине алып келген.

Бир тараптан орус мамлекеттик коргоо өнөр жай фирмасы Ростехтин төрагасы Сергей Чемезов азырынча суперсоник жүргүнчү учагын Россияда чыгаруунун пландалып жаткандыгын, Бириккен Арап Эмираттарынын болсо долбоорго жардамчы катары катыша аларын белгиледи.



Тектеш кабарлар