АКШда катуу сууктан 69 киши каза болду

Бир жумага жакын убакыттан бери АКШда  болуп жаткан катуу сууктан улам каза болгондордун саны 69га жогорулады.

1587388
АКШда катуу сууктан 69 киши каза болду

Бир жумага жакын убакыттан бери АКШда  болуп жаткан катуу сууктан улам каза болгондордун саны 69га жогорулады.

Тексаста электр кризисине кошулган суу маселеси чечиле албады. Штатта 14 миллион кишиге көптөгөн күндөр таза суу бериле албай жатат. Тоңгон суу түтүктөрүнөн суулардын ташуусуна себеп болууда.

4,5 миллион кишиге көптөгөн күндөр электр бериле албаган  штатта 165 000 үй  - бүлө азыр да  электр жарыгысыз отурат.

Электр үзгүлтүктөрү  ысынуу маселесин да жаратты.  Отун жагуу менен ысынууга аракет кылгандар өрттүн чыгышына себеп болушту. Өрт өчүргүчтөр өрттөрдү өчүрүүдө бир топ кыйынчылыктарды тартышты.

Тамак  - аш камсыздоо үчүн маркеттерге барган тексастыктар  кезекке турушту.

АКШнын президенти Жо Байдендин да келерки жумада Тексаска барышы күтүлүүдө. Суук аба жаныбарларды да кыйын абалда калтырды.

Үйлөрүнүн короосунда тоңуу коркунучундагы жаныбарлар үчүн күнүгө 150 жардам чакыруулар келип түшүүдө.



Тектеш кабарлар