Сомалиде жеринен кеткендердин саны артууда
2020 - жылы Сомалиде 1 миллион 300 000 кишинин жерлеринен кеткендиги билдирилди.
2020 - жылы Сомалиде 1 миллион 300 000 кишинин жерлеринен кеткендиги билдирилди.
БУУнун гуманитардык иштер боюнча координация кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөдө жеринен кеткендердин саны акыркы маалыматтарга караганда 2 миллион 900 000ге жеткени, бул кишилердин 1 миллион 600 000ңи чукул гуманитардык жардамга муктаж экендиги билдирилди.
Сомалиде сел жана кургакчылык менен башка климатка байланыштуу апааттардын көбөйгөнүнө көңүл бурулган маалыматта 2020 - жылы селдердин 2 миллион кишиге таасирин тийгизгендиги, 2020 – жылы ноябрь айындагы Гати бороонунда бир гана Пунтланд аймагында 120 000ден ашуун кишинин жеринен кеткендиги маалымдалды.
Сомали өкмөтү жана БУУ 2021 - жыл 15 - февралда гуманитардык жардамдар үчүн 1 миллиард доллар керектигин билдирген.