Индонезиядагы жер көчкүнүн кесепети
Издөө-куткаруу иштеринде дагы 6 адамдын жансыз денеси табылды.
1586842
Индонезияда 14-февралда катуу жааган жамгырдын кесепетинен болгон жер көчкүдөн каза тапкандардын саны 18ге жетти.
Нгетос айылындагы жер көчкүдө, дайынсыз жоголгондорду издөө-куткаруу иштеринде дагы 6 адамдын жансыз денеси табылды.
Жетекчилер каза тапкандардын саны 18ге жеткен жер көчкүдөн дагы деле дайынсыз болгон 1 адамды издөө иштеринин уланып жаткандыгын билдиришти.
21 киши жер астында калган окуяда ушул кезге чейин 2 адам тирүү куткарылды.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.