Цинк жана С витамининин Ковид - 19га тийгизген таасири жок
Цинк жана С витаминин кошумчалоонун коронавирусту дарылоодо таасиринин жок экендиги аныкталды.
Цинк жана С витаминин кошумчалоонун коронавирусту дарылоодо таасиринин жок экендиги аныкталды.
АКШда Кливленд клиникасынын окумуштуулары цинк менен С витамининин Ковид-19 бейтаптарына тийгизген таасирин байкоо үчүн изилдөө жүргүзүштү.
Окумуштуулар 214 Ковид-19 бейтаптарын иликтөө эмгегинде айрым бейтаптар 2020 - жылдын апрель - октябрь айларынын арасында стандарттуу дарылоодон өтүшсө, айрымдарына стандарттык дарылоонун тышында цинк глюконаты (50 мг) жана С витамини (8000 мг) берилди.
Изилдөөнүн натыйжасында С витамини жана цинк алган бейтаптар менен стандарт дарыланган бейтаптардын ортосунда симптомдордун күчү жана мөөнөтүндө маанилүү айырмачылыктын болбогондугу аныкталды.
Клевленд клиникасынын көкүрөк оорулары жана жүрөк – кан тамыр институтунун кызматкери Милинд Десай Ковид - 19 С витамини жана цинкти пайдалануу стандарт дарылоого салыштырганда таасиринин жок экендигин айтты.
Иликтөө тууралуу кенен маалымат «Jama Open Network» журналында жарыяланды.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.