Нигерияда мектеп - интернатка кол салуу болду

Кол салууда 26 окуучу жана 4 мугалим уурдалды.

1585514
Нигерияда мектеп  - интернатка кол салуу болду

 Нигериянын Нигер штатындагы  Кагара аймагындагы   бир мектеп  - интернатта  куралдуу кишилер жасаган кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда  26 окуучу жана 4 мугалим уурдалды.

Кагара мамлекеттик илимий колледжинин жетекчилеринен Абубакар Баба Умар азырынча ким экендиги белгисиз куралдуу кишилердин эрте менен мектеп  - интернатка кол салгандыгын билдирди.

Умар алгачкы белгилөөлөргө караганда 26 окуучу менен 4 мугалимдин уурдалгандыгын айтты. Умар кол салууда көп сандаган окуучунун качып кутулгандыгын, коопсуздук күчтөрүнүн жиберилгендигин билдирди. Качкан окуучулардан Мухаммаду Абдуллахи куралдуу кишилердин аскердик форма кийгендигин жана кол салууда зомбулук көрүшкөндөрүн айтты.

Абдуллахи уурдалган окуучулардын эртерээк куткарылышын суранды.



Тектеш кабарлар