Израиль менен Сирия режими туткундарды алмаштырууда

Израиль басма сөзү Израиль башкаруусунун Россиядан Сирия менен байланыштуу адамзаттык бир темада жардамчы болушун сурангандыгын билдирген.

1585646
Израиль менен Сирия режими туткундарды алмаштырууда

Россиянын ортомчулугу менен Сириядагы Башар Асад режими жана Израилдин ортосунда туткундар алмаштырылууда.

Режимдин агенттиги САНАдагы кабарда : «Туткундарды алмаштыруу азыркы учурда Россиянын ортомчулугунда жүргүзүлүүдө. Оккупацияланган Голандан сириялык туткундар Нихал  Ел  -  Макт жана Зияб Кахмуз Израилдин зындандарынан кутулат»,- деп маалымдалды.

Кабарда бул туткундар менен Сириянын түндүгүндөгү Кунейтра облусуна «жакылыштык менен киргенден кийин камалган» израилдик жаш кыздын алмаштырылары билдирилди.

Кечээ Израиль басма сөзүндө чыккан кабарларда Израиль башкаруусунун Россиядан Сирия менен байланыштуу адамзаттык бир темада жардамчы болушун сурангандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар